Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-5
Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын арызы тууралуу
Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын жашап жаткан үйү кайнатасы Ырысбаев Арапбайдын атында жана жер участогунун максаттык багыты чайхана деп берилгендигин жана ушул жер участогунун багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 1- пунктунун 15-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын жашап жаткан үйү кайнатасы Ырысбаев Арапбайдын атындагы жер участогунун максаттык багыты тамарка деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |