Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-6
Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы жер участогун муниципалды менчикке алуу тууралуу
Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы жер участогунда эч кимдин укугу катталбагандыгын эске алып «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы жер участогу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Жер участогун тактап, аянтын өлчөп жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы жер маселелери боюнча башкы адис Ж.Маматалиевке жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис М.Осмоновко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |