Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июну №24-5
КРӨ караштуу Жер Ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин 05.06.2020-ж № 01-10-1793 сандуу катында белгиленген Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-мартында кабыл алынган №9-2 сандуу токтомун өзгөртүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдагы 9-февралдагы №КЛ 583 Өзбек Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кашка-Терек жана Кош-Коргон айыл башчыларынын, айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап төмөндөгүлөрдү аныктадык:
Баш-Дөбө айыл аймагынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын берген сунушу боюнча 78 (жетимиш сегиз) Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынында үй куруу үчүн участок сурап арыз жазгандардын саны 600 (алты жүз)дөн ашык экендиги аныкталды, ошол учурда сугат жер аянтына мораторий жарыялангандыгын билебиз ошол себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 19-мартагы № 169чу токтому менен бекитилген убактылуу жобонун негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана башка тиешелүү жер мыйзамдарына ылайык Баш-Дөбө айыл аймагындагы Бостон (Көк-Таш) участкасындагы мамлекеттик фондунун жерлерин №26 контурдан-2,8га, №34 контурдан-20.9га, №39 контурдан-7.2га, №43 контурдан-9.4га, №46контурдан-3.9гакайрак айдоо “Жалпы кайрак айдоо” –44.2га №26 контур-1.6га, № 28 контур-1.5га, № 36 контур-0.9га, № 42 контур-0.4га, № 44 контур-0.15га, № 45 контурдан-0.9га, № 47 контурдан-0.2га, № 41 контурдан-0.1га жалпы жайыт жерлер-5.75га. жалпы 49.95га жер аянты трансформациялансын.
2. Тийиштүү өлчөмдөгү жерди бөлүп берүү документтенин дардоо иштери Өзгөн райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнө жана райондук кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Эргешбаев |