Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу № 39-2
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы №32-5 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы №32-5 токтомуна толуктоолорду киргизүү боюнча жана Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмиранын жазган арызын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну (маркум) Шамшиев Абдисабырдын өзүнө тиешелүү болгон турак үйү жайгашкан 2121,00 чарчы метр жерине 1976-1994-жылга чейин жашап өз убагында тамарка салыктарын төгүп келген. 1994-жылы ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу ошол жылдан тартып анын кызы Шамшиева Элмира Абдисабыровна ушул күнгө чейин тамарка салыктарын төгүп, пайдаланып келгендиктен ошондой эле айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан бери №35 чарбалык китебинде катталып тургандыгына байланыштуу, бир туугандарынын макулдугу менен Шамшиев Абдисабырдын атына чыккан 2019-жылдын 25-февралындагы №16 сандуу токтому кызы Шамшиева Элмиранын атына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмира Абдисабыровнанын Көк-Жар айылдык кеңешине жазган арызы канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |