Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу № 39-4
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасына жана катчысына кондиционер жана компьютердик жабдыктарды сатып алуу жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы жана катчысынын ишин жакшыртуу жана иш кагаздарын жүргүзүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү макатында , Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айына болгон аткарылышына карата төмөнкү жумуштарга жалпысы болуп 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
· Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын кабинетине кондиционер сатып алып орнотуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом.
· Компьютер жана принтер сатып алуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом.
· Терезелерине жалюзи алып орнотуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө 2020-жылдын 9 айынын аткарылышына карата карап, статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |