Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу № 39-5
Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Таштак участкасына көпүрө куруу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Таштак участкасында жайгашкан 6 отводко, көп өлчөмдө суу аккандагына байланыштуу, коопсуз абалга келтирүү максатында көпүрө куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Ошол себептен бул маселе менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айына болгон аткарылышына карата Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Таштак участкасында жайгашкан 6 отводко Көпүрө куруу үчүн 130 000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө 2020-жылдын 9 айынын аткарылышына карата карап, статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |