Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июлу № 24\1
Каада салт,ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 31-берененин 1-бөлүгүнө Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада салт,ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча элдерге түшүндүрүү иштер дайыма жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Ашыкча каада салт,ырым жырымдарды ,ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөтүндөгү ардагерлер,аялдар. Жаштар кеңештери,айыл аксакалдары,айыл имамдары кошулуп,комиссиянын курамы ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз иш алып барылсын.
3. Маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын белгилөөдө:
-Жылкы,бодо мал союуга, сый дасторкон салып конок күтүүгө тыюу
салынсын. (2 баш кой гана союулсун)
-Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу,
челпек бышыруу жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү
тототууга өзгөчө көңүл бурулсун.
-Маркумдун жылдыгын белгилөөдө 2 баш кой союуга уруксат
берилсин.Сый дасторкон салып конок күтүүгө бөгөт коюулсун.
Жылдыкта себет алып келүү,союш жетелеп келүү,кийит кийгизүү токтотулсун.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |