Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябры №25\2
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долборун түзүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 06-августундагы №11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун угуп талкуулап Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы №11-34325 сандуу каты жетекчиликке алынсын, аткарылышы камсыз кылынсын.
2 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын2019-жылдын 6-августундагы №11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин,Алай райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө түзүлгөн келишими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |