Редакцияот 24.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айыдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 26- отуруму

 

2019-жылдын 24-декабры № 26/2

Коңур-Дөбө айылөкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалымат, 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү өзалдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айыдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү-13983,3 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше-3282,3 миң сом, теңдөөчүү грант-5950,7 миң сом, атайын каражаттар-480,0 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средста передаваемые)-1948,3 миң сом, мурунук жылдан өткөн калдык-2802,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү -11776,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү -11372,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү -11568,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10174,6 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-6003,5 миң сомго, өздүк киреше 4171,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго), чыгаша бөлүгү 10174,6 миң сомго бекитилсин.

4. 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы-10479,0 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-5706,9миң сомго, өздүк киреше 4772,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго) 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы-10612,1 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-5716,0 миң сомго, өздүк киреше 4896,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго) бекитилсин.

5. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.

6. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго жана бюджет комитетинин төрагасы Т.Кайназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Жээналиев