Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 26/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 2020-жылдын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен жалпы 2009,8 миң сом, анын ичинен: бюджеттен 1965,6 миң сом, атайын каражаттан 44,2 миң сом акча каражатын 2020-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык Кеңештин заседаниесинде талкууланып жалпы 2009,8 миң сом анын ичинен: бюджеттен 1965,6 миң сом, атайын каражаттан 44,2 миң сом акча каражатын акча Каражаты 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго жана бюджет комитетинин төрагасы Т.Кайназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээналиев |