Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 28/1
Коңур-Дөбө айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомдорунун негизинде калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарынын айылдык кеңештеринде жоопттуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акыларын каралган,Коңур-Дөбө айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 6405 түзгөн. Жогорудагынын негизинде Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Коңур-Дөбө айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 6405 түзгөндүктөн, айылдык кеңешине жоопттуу катчы штаттык кызмат орду Башкы –Б менен бекитилсин..
2.Айылдык кеңештин жоопттуу катчысынын айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай бшкармалыгына берилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |