Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26–декабры № 24-3
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата” атындагы спорт комплексине жана филиалы «Жунусов Айжарали» атындагы спорт комплексинин тех.персоналдарына, «Сейдали Мойдунов» атындагы борбордук спорт аянтынын бекчилерине айылдык кеңештин «Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын” 2019-жылдын 23-декабрындагы № 2 протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-янарындагы № 36 “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамына таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата” атындагы спорт комплексине жана филиалы «Жунусов Айжарали» атындагы спорт комплексинин тех.персоналдарына, «Сейдали Мойдунов» атындагы борбордук спорт аянтынын бекчилерине эмгек акы штат бирдигине негиз төлөнүп берилсин.
3. Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |