Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык “Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Туленбаева Чолпон Абдумаликовна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарууга алуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Топчубаев |