Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26–декабры № 24-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы курулуп жаткан спорт аянтынын айланасын жана чатырын жеңил типтеги метал конструкциясы менен тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы курулуп жаткан спорт аянтынын айланасын жана чатырын жеңил типтеги метал конструкциясы менен тосуу жөнүндөгү К.Маткаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесинин 10-бөлүмүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы курулуп жаткан спорт аянтынын айланасын жана чатырын жеңил типтеги метал конструкциясы менен тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |