Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесинин 10-бөлүмүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2020-жыл үчүн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |