Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26–декабры № 24-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө «КАМАЗ» автомашина сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө «КАМАЗ» автомашинасын сатып алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө «КАМАЗ» автомашинасын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |