Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын үлүштүк жерине скважина куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын үлүштүк жерине скважина куруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын үлүштүк жерине скважина куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 977 918 (тогуз жүз жетимиш жети миң тогуз жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |