Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-12
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы «Нур-Белек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2020-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы «Нур-Белек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2020-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү мыйзамды эске алып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы «Нур-Белек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине 2020-жылдын январь айынан штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.
Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |