Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 – декабры № 24-13
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2020-жылга алынуучу тарифин угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бир баш кара мал үчүн жайыт акысы 130 (бир жүз отуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 40 (кырк) сом, бир баш эчкиге 55 (элүү беш) сом, коёушу айыл өкмөттөрүнөн келген кара малга 500 (беш жүз) сом, жылкыга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
3. Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 50 (элүү) сомдон, суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 50 (элүү) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
4. Ноокат токой чарбасынын жайыттарынан пайдаланган Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулары үчүн кара малга, жылкыга, эчкиге айына 20 (жыйырма) сомдон жана сезонуна 140 (бир жүз кырк) сомдон, койго айына 12 (он эки ) сомдон сезонуна 84 (сексен төрт) сом тарифи бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча жана «айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.
Төрага | А.Топчубаев |