Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө белек болуп келген Нива ВАЗ 21214 авто унаасын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүнө негиз, «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык типтеги акционердик коомунун ачылышында белек болуп келген ак түстөгү Нива ВАЗ 21214 маркасындагы 2008-жылы чыгарылган мотор кыймылдаткычынын №8699165, кузов номери ХТА21214081887824 болгон автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык типтеги акционердик коомунун ачылышында белек катары берилген ак түстөгү Нива ВАЗ 21214 маркасындагы 2008-жылы чыгарылган мотор кыймылдаткычынын № 8699165, кузов номери ХТА 21214081887824 болгон автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекеменин Ош региондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунан каттоодон өткөрүү суралсын.
4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекеменин Ош региондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |