Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-4
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 10590чм жер аянтын “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексини 13, 32-беренесинин 4-пунктун, 7-беренесинин 2- пунктун эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн кайрак айдоодон-5333 чм, суугат айдоодон-1924чм, жайыт жерлеринен-3333чм жалпы 10590чм жер аянтын “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аралап өтүүчү жогорку чыёалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 11749 метр, коопсуз зонага жалпы аянты 99,86 га жер аянтына сервитуттар сакталсын.
3. Ажыратылып берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылып берилген жер аянтынын чек араларын, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ноокат филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |