Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 10-марты № 26
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү 2020-жылдын 21-февралындагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин № 27-4 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 10590чм жер аянтын “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин № 27-4 токтомун ишке ашыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн кайрак айдоодон-5333 чм, суугат айдоодон-1924чм, жайыт жерлеринен-3333чм жалпы 10590чм жер аянтын “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга ажыратып берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аралап өтүүчү жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 11749 метр, коопсуз зонага жалпы аянты 99,86 га жер аянтына сервитуттар сакталсын.
3. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна үлүш ээлеринин жер аянттарына компенсацияларды төлөп берүү жагы суралсын.
4. Ажыратылып берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны дардап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча бшкармалыгынан суралсын.
5. Ажыратылып берилген жер аянтынын чек араларын, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ноокат филиалынан суралсын.
6. Ажыратылып берилген жер аянттарын “Өнөр жайдын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Башчы Н.Мадимаров