Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин ишин баалап, сый акча берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн баалоо комиссиясынын 2019-жылда жүргүзгөн баалоонун жыйынтыгы менен жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн профсоюз уюумунун 2020-жылдын 3-февралындагы №2 протоколуна негиз адистерге сый акча бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн адистери эки айлык сый акча менен сыйлануусуна көрсөтүлсүн. Эмгек акысына 573,8 миң сом, социалдык чегерүүлөргө 99,0 миң сом төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |