Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 449 218 (төрт жүз кырк тогуз миё эки жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин директору Г.Ураимовага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |