Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин көмүрканасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинине көмүркана куруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине көмүркана куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин директору Б.Топчубаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |