Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы

 

2020-жылдын 21-февралы № 27-12

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Баглан айылындагы ФАПтын жетекчиси Р.Зикировага жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Топчубаев