Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 27-13
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Баглан орто мектебинин директору С.Жолдошовага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |