Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-апрели № 29-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Ноокат райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнө коргонуучу кийимдерди, дары-дармектерди жардам иретинде алып берүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айылдык кеңештин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып,жалпы кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругу аткарууга алынсын.
2. Ноокат райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнө коргонуучу кийимдерди, дары-дармектерди алууга жардам иретинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |