Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-апрели № 29-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жал» айылдык ооруканасына атайын коргонуучу кийимдерди, кол кап, бет кап, ошондой эле керектелүүчү буюмдарды жана ооруканага 40 орун даярдоо үчүн оорукананын полдорун кайрадан оңдоп линолиум төшөп, ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айылдык кеңештин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып,жалпы кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругу аткарууга алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы “Жал” айылдык ооруканасына атайын коргонуучу кийимдерди, кол кап, бет кап, ошондой эле керектелүүчү буюмдарды алып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 131530 (бир жүз отуз бир миң беш жүз отуз сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. «Өзгөчө кырдаалга» байланыштуу «Жал» айылдык ооруканасына 40 орун даярдоо үчүн оорукананын полдорун кайрадан оңдоп линолиум төшөп, ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 180 000 (бир жүз сегиз миң) сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |