Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-апрели № 29-4
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айылдык кеңештин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып,жалпы кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругу аткарууга алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейине обсервация жасоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 262 534 (эки жүз алтымыш эки миң беш жүз отуз төрт ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |