Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июну № 30-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2019-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2019-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га (бир) сотых жер аянтына 800 (сегиз жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин “айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Топчубаев |