Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июну № 30-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-таза-суу» ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2020-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2019- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2020-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагы боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 13,0 (он үч ) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга 22 (жыйырма эки) сом 32 (отуз эки) тыйындан же Шевелевдин таблицасы аркылуу трубанын диаметрине карап литр-секунд эсептелсин .
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 14 (он эки) сом 88 (сексен сегиз) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
3. Уйлөргө киргизилген суу түтүгүнө шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 12 (он эки) сом 40 (кырк) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
4. Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч мин) сом тарифинде бекитилсин.
5. 2020-жылга ИСКАКБнын бюджети 3166384 сом бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Топчубаев |