Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июну № 30-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Жал” айылдык ооруканасына “ИВЛ” аппаратын сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында таркалып жаткан “COVID-19” илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Жал” айылдык ооруканасына “ИВЛ” аппаратын алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Жал” айылдык ооруканасына “ИВЛ” аппаратын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |