Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-3
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурсттук комиссиясын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык комиссия курамын бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
К.Гайназаров –А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы,
Ю.Сайтбаев –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,
Ч.Инакова –айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү
М.Саткинова –Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,
Н.Маматхалилов – жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Ч.Инакова –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы, комиссиянын төрагасы,
Ю.Сайтбаев –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,
Ч.Инакова –айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү
М.Саткинова –Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,
Н.Маматхалилов – жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковаларга тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев