Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-4
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-сентябрндагы №109 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн Чапаев айылынын «Уч Кемпир» айылынын тургундарынын талабынын негизинде, Чапаев айылынын Чапаев айылынын «Уч –кемпир» бөлүмүндө, №2255 контурунда жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен эсебинен көрүстөн деп 5 га сугат айдоо жерден жер аянты трансформацияланып, мазар үчүн ажыратылган. Бирок 2003-жылдын 2-сентябрнда А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн №109 «Мазар үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» токтомдо техникалык катаачылык кетип туура эмес жазылып калгандыктан, аталган муниципалдык жердин иш кагаздарын даярдоого мүмкүн болбой жаткандыгын билдирип айыл өкмөтү , айылдык кеңешке кайрылган. Жогорудагы абалдан келип чыгып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин 1-пункту, 2,8- бөлүмчөлөрүнүн талаптарын жетекчиликке алып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин 1-пункту, 2,8- бөлүмчөлөрүнүн талаптарын жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Чапаев айылындагы «Уч Кемпир» бөлүмүндө жайгашкан көрүстөндүн иш кагаздарын иретке келтирүү боюнча берген сунушу маалымат катары кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 2- декабрндагы №550 токтомунун талаптарынын негизинде аталган көрүстөндүн укук тастыктоо иш кагаздары иретке келдтирилсин.
3. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 2- сентябрндагы №109 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев