Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-5
А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан 2020-жылга карата ижаралоо мөөнөтү бүткөн АЧЖМФ-нун жерлерин аукцион аркалуу ижарага берүү боюнча белгиленген аукциондорун, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюуу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, 2020-жылдын күз айларына чейин токтотуп туруу жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан АЧЖМФ-нын жерлерин ижарага берүү үчүн 2020-жылдын 23-24-25-мартына белгиленген аукциондорду, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу токтотуп турулган, 2020-жылга карата ижара мөөнөтү бүткөн, ижарачылар тарабынан кайтарылган 40,94 га сугат айдоо, 5,45 га , кайрак айдоо 66,02 га, чөп чабынды жерлердин ижарага берүү мөөнөтү келип, бирок белгилүү болгон өлкөдө коронавирус богот коюуу боюнча өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аукцион өткөрүүгө мүмкүн болбой калгандыктан , ижарага берилген кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарачыларын эски тизме боюнча калтырып туруп, эгиндер жыйналып бүткөндөн кийин күз мезгилинде аукцион өткөргүнгө чейин эски тизме боюнча калтырып туруу зарылчыгы келип чыгууда, (эгин эгүү мөөнөтү өтүп баратат) ушул себептен атайын түзүлгөн АЧЖМФ-нун ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2020-жылдын 23-мартындагы №6 протоколунун негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан АЧЖМФ-нын жерлерин ижарага берүү үчүн 2020-жылдын 23-24-25-мартына белгиленген аукциондорду, өлкөдө коронавирус таралуусуна богот коюу боюнча киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу токтотуп турулган, 2020-жылга карата ижара мөөнөтү бүткөн, ижарачылар тарабынан кайтарылган 40,94 га сугат айдоо, 5,45 га , кайрак айдоо 66,02 га, чөп чабынды жерлердин ижарага берүү мөөнөтү келип, бирок белгилүү болгон өлкөдө коронавирус богот коюуу боюнча өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аукцион өткөрүүгө мүмкүн болбой калгандыктан , ижарага берилген кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарачыларын эски тизме боюнча калтырып туруп, эгиндер жыйналып бүткөндөн кийин күз мезгилинде аукцион өткөргүнгө чейин эски тизме боюнча калтырып турулсун
2. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев