Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-6
А.Мирмахмудов айыл аймагына караштуу Кара-Кокту айылында уюштурулган жамааттык бала бакчасын 2019-2020-окуу жылына карата ачуу жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 30- сессиясынын №30-2 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Ж.С. Шариповичтин Жарлыгы менен «2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, Кара-Кокту айылынын тургуну Кудаибердиева Рано Даврановна Кара-Кокту айылындагы өзү жашап турган үйүн жамаатык балдар бакчасы кылып уюштургандыгы үчүн жазган арызын карап чыгып, 2019-2020-окуу жылына карата ачуу жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 30- сессиясынын №30-2 токтомунда техникалык катаачылыктар кетип туура эмес жазылып калгандыктан токтомго толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кокту айылында Кудаибердиева Раъно Даврановна тарабынан уюштурулган жамааттык балдар бакчасына «Кара-Кокту нуру» балдар бакчасы деп наам берилсин;
2. Кара-Кокту айылындагы уюштурулган жамааттык балдар бакчасы 2019-2020-окуу жылына карата ачылып, 2020-жылдын 20-февралынан ишмердигин баштоо мыйзамдуу түрдө жактырылсын;
3. Токтомду мыйзамдуу түрдө аткаруу, балдар бакчасынын иш кагаздарын даярдоо, санитариялык абалын нормага келтирип ишке түшүрүү балдар бакчасынын уюштуруучусу Кудаибердиева Раъно Даврановнага милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарууда иш кагаздарын мыйзамдуу түрдө даярдоого көмөк көрсөтүү жана колдоо көрсөтүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев