Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №32-7
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өлкөдө болуп жаткан коронавирус пандемиясынын себебинен киргизилген өзгөчө кырдаалдар учурунда А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин «өзгөчө кырдаалдар» бөлүмүнө каралган акча каражаты пландан сырткары сарпталып кеткен. Айыл аймагындагы селден жабыркаган ички арыктарды механизациялык жол менен тазалоодо, алыштардын башка курулмаларын оңдоп- түзөөдө жана элдин экономикалык коопсуздугун камсыздоо кечиктирилгис иштерди аткаруу зарылчыгы жана жайдын ыссык күндөрүндө жана жыйым –терим учурунда күтүлүүчү кырсыктарды алдын алуу жана элдин сугут сууга болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-гл 78-беренсинини негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Миримахмудов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин Р-70491, статтья 2215 «экономикалык суроолор» бөлүмүнөн «жарандык коргонуу» бөлүмүнө 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты которулсун,
2. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев