Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 34-2
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы 34-сессиясынын №8-протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Рысматов Анарбай Таировичтин жеке менчик турак жай багытындагы 1000,0 чарчы метр жер участогунун ичинен 40,0 чарчы метр жер тилкесинин максатуу пайдалануу багытын өзгөртүп уюлдук байланыштын мунарасын орнотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-18- беренелерин жетекчиликке алып.Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Рысматов Анарбай Таировичтин турак жай багытындагы 1000,0 чарчы метр жер участогунун ичинен 40,0 чарчы метр жер тилкесин максатуу пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |