Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 34-3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл бөлүмүндөгү №86 контурундагы 8,5 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл бөлүмүндөгү №86- контурунда жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айыл-чарба багытындагы 8,5 га (сегиз гектар элүү сотых) жер аянтын турак жай багытына которуп калктуу конуштун жерлерин түзүп тургундардын турак жайга болгон муктаждыгын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-18- беренелерин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл бөлүмүндөгү №86- контурунда жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айыл-чарба багытындагы 8,5 га (сегиз гектар элүү сотых) жер аянтын турак жай багытына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |