Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 34-5
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы 34-сессиясынын №8-протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы 34-сессиясынын № 8-протоколун аткарууга алуу тууралуу Кашкалдак айылынын тургуну Джолдошев Анарбайдын арызын канаттандыруу максатында. Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкалдак айылынын тургунунун арызын карап чыгып ынгайсыз болгон 54 чарчы метр жер аянтын Джолдошев Анарбайга бекитип берилсин.
2. Джолдошев Анарбайга 54 чарчы метр жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |