Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 34-6
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак, Чүчүк, Караке, Айбек, Атамерек айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фонддун жерлеринин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак, Чүчүк, Караке, Айбек, Атамерек айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фонддун жерлеринин ижара акысын бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-18- беренелерин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак, Чүчүк, Караке, Айбек, Атамерек айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фонддун жерлеринин ижара акысы төмөнкүдөй тарифте бекитип берилсин.
- Караке, Айбек айылдындагы суулуу жер 7000 (жети мин) сом.
- Кашкалдак, Чүчүк айылдагы суулуу жер 6500 (алты жарым мин) сом.
- Атамерек айылына 6000 (алты мин) сом.
- Кайрак жерлери 800 (сегиз жүз) сом.
- Акыркы категориядагы жолдун бойлору 150 (жүз элүү) сом.
- Сулуу арал жерлери 500 (беш жүз) сом.
2.Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |