Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 35-1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылындагы ҮБДТ медицина кызматкерлеринин COVID-19 илдетине байланыштуу тамак аш менен камсыз кылуу жөнүндө
COVID-19 илдетин күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылында жайгашкан ҮБДТ медицина кызматкерлерин COVID-19 илдетине байланыштуу тамак аш менен камсыз кылуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылында жайгашкан ҮБДТ медицина кызматкерлерин тамак аш менен камсыз кылууга айыл өкмөтү тарабынан 50000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылында жайгашкан ҮБДТ медицина кызматкерлеринин тамак аш менен камсыз кылууда бөлүнгөн акча каражатын туура пайдалануу жана аны көзөмөлдөө айыл өкмөт башчы С.Мурзакуловгожан ФЭБ башчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук укук, диний, депутаттык этика экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мурзаматов |