Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 35-2
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө Караш туу Баарын айылындагы борбордук мал базардын жанындагы көпүрөнүн айланасын ижарага берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Баарын айылындагы борбордук мал базардын алдындагы көпүрөнүн айланасына таштатандылар ташталып айланасындагы тургундарга ынгайсыздыктарды жаратып жаткандыктан, санитардык абалын көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Баарын айылындагы борбордук мал базардын алдындагы көпүрөнүн айланасынын тазалыгын, санитардык абалын кармоо үчүн Айдаров Райымбердиге ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |