Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 35-5
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-июлундагы 35- сессиясынын №9 протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Барын айылынын тургуну Абилова Имигүлсүндүн 300 чарчы метр жер тилкесине турак жай курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып. Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Барын айылынын тургуну Абилова Имигүлсүндүн арызы канаатандырылып Барын айылындагы 300,0 чарчы метр жер участогуна турак жай курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну, Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |