Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 35-6
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы “Алман” жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин арызын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы “Алман “ жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Мирзаматов Адылбек Мамырович 11-май 1998-жылы Атамерек айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун чечими менен шайланган комиссиясынын 14-май 1998-жылдагы токтому менен Атамерек айылынын тургундарынын үлүшүнө тийген өндүрүш багытындагы 3(үч)сарай,3 (үч)дымкананы 0,41га жер аянты менен 200000 (эки жүз миң ) сомго баалашып Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин жеке менчигине сатуу жөнүндө токтом кабыл алып, токтомдун чечимин бекитип берүүнү айыл өкмөтүнүн башчысынан суранган. 21.05.2020-жылы айыл өкмөтүнүн башчысына Мирзаматов Адылбек Мамырович жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн сарай жана дымканаларды ондуруш багытында турган 0,41 га. жер аянты менен мыйзамдаштырып берүү жөнүндө арыз менен кайрылган,айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакулов маселени айылдык кеңештин кезексиз 35-сессиясында карап берүүнү сунуштап,күн тартибине киргизген.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-44-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы “Алман “ жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин арызы канаатандырылсын.
2.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы мурдагы өндүрүш багытындагы 3 (үч)тамеки сарай жана 3(үч) дымкана 0,41га. жер аянты менен “ Алман” жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.
4.Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер,жерге жайгаштыруу,транспорт,өнөр-жай жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мурзаматов |