Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 35-8
“Кыркол”Таза суусу “муниципиалдык ишканасынын жетекчисинин , Өсөр, Артылма Ташкороо Уч-Бай айылдарынын айыл башчыларынын элди таза суу менен камсыз кылуу суранычы жана суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоодо тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Кыркол” Таза суусу муниципиалдык ишканасынын жетекчиси С. Абдибатовдун жана Өсөр, Артылма, Таш Короо, Уч-Бай айылдарынын айыл башчыларынын элди таза суу менен камсыз кылууда мурдагы суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлери тешилип калгандыктан ремонтуна каражат жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында таза суудан пайдалангандыгы үчүн тарифтерди бекитип берүү жөнүндөгү өтүнүчүн карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Кыркол”Таза суусу муниципиалдык ишканасынын суу түтүкчөлөрүн ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000(элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
2.”Кыркол” таза суу ишканасынын туруктуу иштеши жана суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз суу жеткирүү максатында төмөндөгү тариф бекитилсин.
3. Таза ичимдик суудан пайдалангандыгы үчүн ар бир түтүнгө айына 140 сом, үйүнүн ичине суу түтүгүн алып киргендерге 200 сомдон тълънсүн.
4. “Кыркол”Таза суусу муниципиалдык ишканасынын ичимдик сууга бекитилген тарифи 2020-жылдын 1-июлунан баштап колдонулсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мамлекеттик сатып алуулар ,суу, жол, энергетика, инвестиция, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | К.Мурзаматов |