Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу № 36-2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылынын тургуну Тынчтыкбек уулу Муртазанын арызын кароо жөнүндө
Тынчтыкбек уулу Муртаза Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы № 5-05-09-1009-0090 сандуу идентфикациялык коддо жайгашкан турак-жай багытындагы 221,5 чарчы метр жер аянтын 30-октябрь 2019-жылдагы сатуу-сатып алуу келишими менен жеке менчигине өткөрүп алып, сериясы “Ч” № 304484 сандуу мамлекеттик акт алган. 18-август 2020-жылы Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аталган жер участогунун ичинде курулган 91,0 чарчы метр турак-жайдын максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана жана окуу борбору багытына которууга боло тургандыгы тууралуу № 133/20 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусун даярдап берген. 18-август 2020-жылы Тынчтыкбек уулу Муртаза ушул турак - жай багытындагы 221,5 чарчы метр жер участогунун ичине курулган 91,0 чарчы метр 2 кабаттуу имараттын максаттуу пайдалануу багытын чайкана жана окуу борбору багытына өзгөртүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысына арыз менен кайрылгандыктан, айыл өкмөтү маселени карап берүүнү айылдык кеңештин сессиясына сунуштаган. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-18-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашкалдак айылынын тургуну Тынчтыкбек уулу Муртазанын Кашкалдак айылындагы турак-жай багытындагы 221,5 чарчы метр жер участогунун 91,0 чарчы метр жер тилкесине курулган 2 кабаттуу имараттын максаттуу пайдалануу багытын чайкана жана окуу борбору багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, өнөр-жай жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мурзаматов |