Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу № 36-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын тургуну Мамыров Эркиндин арызын кароо жөнүндө
Мамыров Эркиндик Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылындагы № 5-05-09-1007-0549 сандуу идентификациялык коддо жайгашкан турак-жай багытындагы 243,76 чарчы метр жер аянтын 30-октябрь 2019-жылдагы сатуу-сатып алуу келишими менен жеке менчигине өткөрүпалып, сериясы “Ч” № 938697 сандуу мамлекеттик акталган. 26-август 2020-жылы Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аталган жер участогунун ичинде курулган турак-жайынын максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп, даарыкана жана ийне саюу пункту багытына которууга боло тургандыгы тууралуу №173/20 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусун даярдап берген. 15-сентябрь 2020-жылы Мамыров Эркинге ушул турак - жай багытындагы 243,76 чарчы метр жер участогуна курулган 1 кабаттуу имаратын максаттуу пайдалануу багытын даарыкана жана ийне саюу пункту багытына өзгөртүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысына арыз менен кайрылгандыктан,айыл өкмөтү маселени карап берүүнү айылдык кеңештин сессиясына сунуштаган. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-18-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өсөр айылынын тургуну Мамыров Эркиндин Өсөр айылындагы турак-жай багытындагы 243,76 чарчы метр жер участогун жер тилкесине курулган 1 кабаттуу имараттын максаттуу пайдалануу багытын даарыкана жана ийне саюу пункту багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, өнөр-жай жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мурзаматов |