Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 37 -1
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы №1-отурумунун протоколун жана 30-1 сандуу токтому жокко чыгаруу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы отурумунун №1-протоколунун чечими менен Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну Абдуллаев Нуралинин жашап жаткан турак-жайын, жер участогун жана ага тиешелүү документтерин тактоону айыл өкмөтүнө сунушталган жана анын негизинде 12-февраль 2020-жылы айылдык кеңештин кезектеги сессиясында маселени карап, Абдуллаев Нуралинин арызы канаттандырылып анын жашап жаткан турак-жайын 0,14га. жер участогу менен анын жеке менчигине акысыз бекитип берүүгө макулдук берген 30-1 сандуу токтому кабыл алынган . бирок 10.09.2020-жылдагы Ноокат районунун прокуратурасынын № 11/1514-20 сандуу чыгыш каты менен Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12.02.2020-жылдагы №30-1 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 29-беренесинин талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыгы тууралуу каршылык билдирүү катынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 12-февраль 2020-жылдагы №1-отурумунун протоколу жана Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну Абдуллаев Нуралинин жашап жаткан турак-жайын, 0,14га. жер участогу менен акысыз жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берген 30-1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун бир түп нускасы маалымат иретинде Ноокат районунун прокуратурасына жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев айылдык кеңешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |